Translations:Church/1/ky
Качан тобо кылып, жогорудан төрөлгөндө, биз Кудайдын үй-бүлөсүнүн катарына киребиз. Ар бир рухий бала рухий үй-бүлөгө муктаж. Кудай биздин асмандагы Атабыз, ал эми биз бири-бирибиз менен Ыйсанын шакирттери катары бир туугандай болуп калабыз. Үй-бүлө – бул Кудайды жакшыраак таанып билүү жана Ага болгон ишенимди өстүртө турган коопсуз жер. Үй-бүлө бири-бирибиз менен туура мамиледе болууну да үйрөтөт жана биз үчүн кам көрөт.