Translations:Church/32/ky

Кудайга ыраазычылык белегин берүү – бул Аны даңктоо болуп эсептелинет. Кудайга жашообуздун көп тармактарында курмандыктарды алып келе алабыз, мисалы, убактыбыз же жөндөмдөрүбүз аркылуу. Ошондой эле Кудай бизден эмгек акыбыздын бир бөлүгүн Ага берүүнү буюрган (тагыраак айтканда ондук). Бул Кудайдын бизге калтырган маанилүү осуяттарынын бири.